09:29, 30 августа 2017, 24.kg

Казакстанда төмөн байытылган уран сакталчу кампа ачылды

29-августта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу Өскемен шаарындагы​ төмөн байытылган уран сакталчу кампаны ачты. Мамлекет башчы анын символикалык ачкычын Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрүнө тапшырды.

Банктын ачылышында сөз сүйлөгөн Назарбаев Казакстан өзөктүк куралды жайылтпоонун жана дүйнө коопсуздугунун тарапташы бойдон каларын билдирди.

Маалыматтарга караганда, кампада төмөн байытылган урандын белгилүү бир запасы сакталат.

Буга чейин өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев банк дайыма жеткирүүчү булак же «дүкөн» болбой турганын жана андагы уран дүйнөлүк деңгээлдеги кризистик абалдарда гана талап кылына турган запас катары сакталарын айткан.

Банк Өскемен шаарындагы Улба металлургиялык заводунда жайгашат. Анын курулушу 2015-жылы августта Казакстан өкмөтү менен МАГАТЭнин ортосунда кол коюлган макулдашуунун алкагында башталган.

Views
173
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18