09:01, 30 августа 2017, 24.kg

Сүлүктүдө кен басып калган шахтердун абалы оор

Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык ооруканасынан билдиришкенин Сentralasian маалымдайт. 

Маалыматка караганда, шаардагы «Марипов» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасында 28-августтун кечинде кен урап төрт шахтерду басып калган.

Алардын үчөө бейтапканага жеткирилген, биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Калганынын абалы дурус.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандагы кендердеги кырсыктардан он жети кишинин өмүрү кыйылды. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын он экиси көмүр, калганы алтын кендеринде болгон. Жалпы кырсыктын ону Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерде орун алган.

24-августта эле Сүлүктүдөгү дагы бир кенде 11-жашар бала каза болгон. 

Views
142
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18