14:20, 28 августа 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандарга 200 миң сом берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунун Өзгөн районун Ынтымак айылында болду. Ал апрель айындагы жер көчкүдөн жабыркангандар менен жолугушту.

Жолугушууда президент 200 миң сом берип, Курман айт күнү куран окутуп коюуну суранды. Андан сырткары, эмне себептен убагында келе албагандыгын түшүндүрдү.

«Мен убагында келе албадым. Бирок, ошол күнү эле ӨКМди чакырып, маалымат алганмын. Акча топтоюн анан барам дедим. Силерге менин атымдан берилген акча бюджеттен эмес. Аны 2-3 жеке киши берди. Мен Кыргызстанга кыйын болуп жатканым айтсам, алар өздөрүнүн эсибинен акча бөлүштү» — дейт Алмазбек Атамбаев.

Эскерте кетсек, президенттин атынан июлда 10 миллион 490 миң 900 сом бөлүнгөндүгү маалымдалган. Ага жети турак жай курулат.

Апрель аягында Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан эсепке 24 миллион 360 миң 147 сом топтолгон.

Views
333
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18