11:39, 28 августа 2017, 24.kg

Милиция денеси табылган аялдын өздүгүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт

Ош шаардык милициясы денеси табылган аялдын өздүгүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда, Петров кѳчѳсүндѳ, Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабында орун алган таштанды контейнеринен ичинен 40-55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.

Милиция кылмыш тууралуу маалымат берген жаранга анын аты-жөнүн сыр сактоону кепилдейт. 

Окуя болгон жерден алынган маркумдун кофтасынын, ал оролгон улуттук кѳшѳгѳ, жүк жапкычтын жана маркум оролуп салынган сумкалардын сүрѳттѳрүн жарыялайт.

Кылмыш боюнча маалыматты төмөнкү телефон номурлар аркылуу билдирүүгө болот: 03222-2-46-78, 03222-2-10-06, 0557-79-96-99, 0558-15-00-88.

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18