16:59, 25 августа 2017, 24.kg

Сапар Исаков Liglass Trading милдетин аткарбаса келишимди токтотууга даяр

«Мен кудай эмесмин, Liglass Trading акчаны которобу, которбойбу айта албайм», —деди Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутат Дастан Бекешев Чех компаниясы менен түзүлгөн келишимге кызыкты.

«Кыргызстанга каалаган чет элдик компания келе алат. Liglass — алардын бири. Ал сынакка катышып жеңген. Келишим 4-августта күчүнө кирди. 30 банктык күндүн ичинде 37 миллион доллар которулушу керек», — деди Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев дагы Liglass Trading ишканасы боюнча айрым маалыматтар жарыялангандан кийин келишимдин жоболору аткарылбаса, долбоор токтотуларын айткан.

Бул ишкана Ак-Булун, Жогорку Нарын каскадын жана ондой кичи ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган.

Views
173
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18