09:44, 25 августа 2017, 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан футбол таймашы көрүүчүлөрсүз өтөт

25-августта Ташкентте футбол боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук курама командарынын беттеши көрүүчүлөрсүз жабык өтөрү маалымдалды. 
35 миң адамды батырган Ташкенттеги “Бунёдкор” стадионунда боло турчу Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол таймашына бир да адам киргизилбей турган болду. Ал тургай футбол сүйүүчүлөрү бул оюнду телекөрсөтүү аркылуу көрө албайт.

Мындай чечим эки өлкөнүн машыктыруучулары тарабынан сунушталып колдоого алынганын. Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмованын билдирүүсүндө, чечимден саясат издөөнүн зарылчылдыгы жок.

«Бул матчта жаңы тактикалар текшерүүдөн өткөрүлүп, оюнчулардын алмашуусуна чектөө коюлган жок. Ошондуктан машыктыруучулар өздөрүнүн талаадагы тактикаларын башка атаандаштарына көрсөтүүнү каалабады» - деди ал. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамалары эгемендүүлүк алгандан бери болгону беш жолу беттешкен. Өлкөдөгү саясий кырдаал акыркы жылдары футбол таймашына жолто болуп, жолдоштук оюндар узак убакыттан бери өтө элек болчу.

Views
304
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18