15:23, 24 августа 2017, 24.kg

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарга айып пул салуу пландалууда

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 65 доллар айып пул салынат. Дин иштери жана жарандык коом министрлиги бул норманы «Дин ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу centralasian.org маалымдайт. 

Министрлик салттуу эмес диний көз караштагы жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу – Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилейт. 2016-жылы эле 9,5 миң ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ынанымдары менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстанда дагы жыл санап диний ишенимине улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны көбөйүүдө. Жыл башынан бери миңден ашык жарандын балдары эмделген эмес. 

 
Views
178
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18