15:42, 23 августа 2017, 24.kg

Райкан Төлөгөновго операция жасоого уруксат бериле элек

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновго операция жасоого уруксат бериле элек. Бул тууралуу бүгүн ал Биринчи май райондук сотунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарына аялынын кайрылуусу жарыялангандан кийин кардиолог келип, текшерген.

«Ал дагы операция керектигин айтты. Бирок, качан операцияга уруксат берет белгисиз. Маселе каралып жатат. Азыр дарынын күчү менен гана кармалып турам» — деди Райкан Төлөгөнов.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөновдун аялы Чолпон Кошоева анын кан басымы жогорулап кеткендигин, андан сырткары жүрөк ооруу экендигин айткан.

Райкан Төлөгөновго 2010-жылдын 7-апрелинде экс-президент Бакиевдин үй-мүлкүн тоногон айыбы менен иш козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат.

Күбөлөрдү алып келүү кыйын болуп жаткандыктан жана соттолуучунун ден-соолугуна байланыштуу сот 6-сентябрга жылдырылды. 

Views
192
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18