10:26, 23 августа 2017, 24.kg

MegaСom эми түз сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду MegaСom ишканасын сатуунун жолун тапты. Бул тууралуу маалымат жыйында Болсунбек Казаков маалымдады. 

Анын айтымында, уюлдук компаниянын 100 пайыз акциясын сатуу боюнча аукцион үч жолу тең өтпөй калгандыгына байланыштуу аны түз сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынды. 

«Бир ай инвесторлордон сунуш күтөбүз. Компаниянын 100 пайыз акциясы 13,5 миллиард сомдон кемибейт. Инвестор сатып алуунун 7 пайыздык комиссиялык төлөмүн да төлөшү керек. Андан сырткары, баардык соттук териштирүүнү мойнуна алат», - деди Болсунбек Казаков.

Кызыккан тараптардан арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынат.

Views
194
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18