10:43, 22 августа 2017, 24.kg

Кыргызстандан Россияга барган азык-түлүк товарлары кайра артка жөнөтүлдү

Россияда Кыргызстандан барган азык-түлүк товарлары кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт. 

Саратов облусуна Кыргызстандан өрүк как, төө буурчак, гүрүч, сарымсак жана кургак мөмө-жемиш болуп 21 тонна азык-түлүк барган.  Аларды текшерүү учурунда фитосанитардык күбөлүгү жоктугу жана кимге келгендиги жазылган эмес.

Маалыматта азык-түлүктөр карантинге алынган продукцияларга кирери айтылат. 

Жүк ээлерине айып пул салынып, товар артка жөнөтүлдү. 

Views
176
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18