12:35, 18 августа 2017, 24.kg

Бишкектеги эки адамдын өмүрү алган жол кырсыгына күнөөлүү милицияда иштейт

Эртең менен Бишкектин Горький көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде болгон жол кырсыгы тууралуу ордо кааланын ИИБсы маалымат берди.

Алардын айтымында, «Тойота Виндом» автоуунасынын айдоочусу 1989-жылы туулган К. Н., светофордун кызыл жарыгына токтогон «Мазданы» артынан сүзүп алган. «Тойота Виндом» машинасынын айдоочусу Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экендиги жана мас абалында болгондугу такталды.

Жол кырсыгында «Мазданын» айдоочусу 1974- жылы туулган Ш.В. жана жүргүнчүсү 1990-жылы туулган К.Д. каза болду.

Кылмыш иши козголуп, айдоочу камоого алынды.

Views
245
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18