08:57, 18 августа 2017, 24.kg

Өмүрбек Текебаев кыргыз тилинен сынактан 93,75 балл алды

Өмүрбек Текебаев кыргыз тилинен сынак тапшырды. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабынан «24.kg» агентигине билдиришти. Маалыматты бир аздан кийин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия дагы ырастады. Партия лидери 93, 75 балл алгандыгы маалымдалат.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджановдун айтымында, УКМК партия лидеринин абакта тилден сынакты тапшырганын жашырган. Ага 17-август күнү партия лидерине жактоочусун киргизген эмес. Ошол маалда «Кыргызтесттин» кызматкери соттолгон саясатчынан сынак алып жаткан экен.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев сынакты 26-июлда тапшырышы керек болчу. Бирок, БШК жана сот абакта олтурган шайлоого ат салышкан саясатчыга тесттен өтүүгө шарт түзүп берүүдөн баш тартышкан.

Сот бул анын ыйгарымы эместигин айтса, БШК «өзгөчө шарт» түзө албастыгын билдирген.

Шаршемби күнү Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновду Биринчи май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан.

Views
157
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18