Анастасия БЕНГАРД
17:08, 17 августа 2017, 24.kg

Бишкектин жаңы курулуштарын өнүктүрүү үчүн 200 миллион сом бекитилди

Бишкектин жаңы курулуштарын өнүктүрүү үчүн 200 миллион сом бекитилди. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, шаардын таштанты талаасына жакын жайгашкан «Алтын-Казык» жаңы конушунун тургундары кечээ келип, маселелерин чечүүнү талап кылышкан.

«Бул жаңы конуш дагы мыйзамсыз, басып алуу жолу менен пайда болгон. Биз өкмөт, же мэрия уруксат берип түзүлгөн конуштар менен иштейбиз. Эгер «Алтын-Казык» мыйзамдаштырылса жол, жарык, суу жана башка шарттарды түзүп баштайбыз» — деди Сталбек Өмүрканов.

Белгилүү болгондой, быйыл мэрия жаңы конуштардын шарттын жакшыртуу үчүн 291 миллион 300 миң сом бөлгөн. Ал каражатка мектеп, бала-бакча курулуп, суу киргизилет.

Views
136
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18