10:36, 17 августа 2017, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызы чечилди

Кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызы чечилди. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өкмөттөр аралык сүйлөшүүдөн кийин премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда чек аранын 84 пайызы келишимге киргизүүгө даяр экендиги боюнча протоколго кол коюлду. Эки тарап тең макулдашууга кубанып турганын жарышкан жок. Жолугушууда премьер-министлер документке кол койгондон кийин катышуучулар кол чабуу менен кубатташкан.

Жеңиш Разаковдун айтымында, ортолук келишимге кол коюлгандан кийин делимитация жана демаркация башталат. Ал эми анклавдар тууралуу маселе өзүнчө каралмакчы.

Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 километр. Анын 371 километри такталган эмес. Эки анклав бар. Анын эң чоңу — Сох. Анда 60 миңге жакын адам жашайт. Айтмакчы, бул анклав өзбек аймагы болуп эсептелгени менен анын тургундарынын 90 пайызга жакыны тажиктер. Ал эми Барак айылында бир нече жүздөй тургуну бар. Баракта жашаган кыргыздардын көпчүлүгү Ош облусуна көчүп келишкен.

Талаш аймактарда такай чыр-чатактар чыгып турат. Акыркы жолу Өзбекстан Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Үңкүр-Тоого аскерлерин жана техникасын киргизген.

 
Views
162
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18