17:23, 15 августа 2017, 24.kg

Жүргүнчүнү зордуктаган таксист 8 жылга кесилди

Ысык-Көл райондук соту беш жашар баласынын көзүнчө жүргүнчүнү зордуктаган таксисти 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралууу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлайт. 

Айдоочу мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөйт. Андан сырткары, ал жабырлануучуга 100 миң сомду моралдык зыян катары, 30 миң сомду материалдык чыгымдын ордуна төлөп берет. 

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы зордуктоого шектелген таксисты кармаган. Ал анда эч кимге күч колдонбогонун, жүргүнчү кыз өзү акыны төлөй албай макул болгондугун айткан. Ноябрь айында Тоң райондук соту таксисти үч жылга кескен.

Views
207
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18