16:20, 15 августа 2017, 24.kg

Турак жайын камсыздандыргандарга 12 миллион сом төлөндү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 2017-жылдын 15-августуна карай 61 жаранга акча чегерген. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Жумагул Эгембердиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жалпы төлөмдөр 12 миллион 226 миң 124 сомду түздү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 30 миң 16 турак жайды каттоого алды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик ишкана камсыздандырылган үй кырсыкка учураганда шаар жериндеги имаратка 1 миллион сомго чейин, айыл жериндегиге 500 миң сомго чейин төлөп берет.

«Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу» мыйзамы 2016-жылдын 11-февралында ишке кирген.

Views
147
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18