14:42, 15 августа 2017, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде ок чыгаргандарга кылмыш иши козголду

Жамбыл облусунун кыргыз-казак чек арасына жакын жериндеги бир адамдын өмүрүн алган окуядан кийин эки аскер кызматкерине карата сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Башкы аскер прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык, 12-август кечинде «Жасоркен» чек ара заставасынын куралдуу эки кызматкери коңшу Кыргызстандан жылкыларды айдап өтүү максатында мамлекеттик чек аранын инженердик курулуштарын зыянга учураткан жыйырмага жакын кишини байкашкан.

Расмий маалыматтар боюнча чек ара күзөтүнүн кызматкерлери «Токто» деп буйрук бергенине карабастан белгисиз адамдар «чек арачыларды көздөй таштарды ыргыта башташкан». Андан соң Чек ара кызматынын катардагы жоокери эскертүү иретинде асманга атып, кийин кол салгандарды көздөй эки жолу ок чыгарган. Жыйынтыгында Жамбыл облусунун Жасоркен айылынын Амиртаев Е.Д аттуу тургуну оор жараат алып, каза болгон.

Башкы аскер прокуратурасы эки аскер кызматкерине карата иликтөө иштери башталганын билдирүүдө. «Кылмыш иши окуянын бардык жагдайын объективдүү иликтөө жана анын бардык катышуучуларынын аракеттерине баа берүү үчүн козголду", — деп айтылат Башкы аскер прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Буга чейин полиция бийлик өкүлдөрүнө зомбулук аракеттерин көрүүгө шектелген адамдарга карата өзүнчө иликтөө иштерин баштаган.

Views
153
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18