15:32, 14 августа 2017, 24.kg

Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучуларын өлкөгө киргизбейт

Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучуларын өлкөгө киргизбейт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем Кызматташуу жана жөнгө салуу боюнча түрк агентиги өткөргөн конференцияда билдиргендигин newsturk.ru басылмасы кабарлайт. 

«Туугандарыңарга, тааныштарыңарга айтып койгула Гулен менен байланышы бар мектептин окуучуларын биз өлкөгө киргизбейбиз. Алардын үй-бүлөсүн дагы күтпөйбүз» - деди ал. 

Айрым маалыматтарга караганда, «Сапат» билим берүү мекемесинин мектептеринде 11 миңден ашык балдар окуйт. 

Эскерте кетсек, Түркиянын өкмөтүнүн «Себат» лицейлерин жабуу сунушунан кийин, анын аталышы жана негиздөөчү курамы өзгөргөн.

 

Views
272
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18