Анастасия БЕНГАРД
14:22, 14 августа 2017, 24.kg

Өмүрбек Текебаев акталса тил сынагын тапшыра алат

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев соттон акталса, ал мамлекеттик тил сынагын тапшыра алат. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады.

Анын айтымында, талапкер акталса, БШК анын баардык укуктарын камсыз кылууга даяр.

«Азыр ага талапкер катары шарт түзүү эмес, ал үчүн өзгөчө шарттарды жаратуу маселеси турат. Биз анте албайбыз. БШК өзгөчө чечим кабыл алып, Текебаевди тестке катыштыруу буйругун бере албайбыз» — деди ал.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев 26-июлда тест тапшырышы керек болчу. Бирок, сот дагы, БШК дагы ага сынакка катышууга жол ачуу маселесин кароодон баш тартышкан. Боршайкомдун бул чечимине талапкердин жактоочулары райондор аралык сотуна даттанышкан.

Views
162
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18