17:46, 11 августа 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков БШКга 50 миң кол тапшырды

КСДП партиясынан президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн топтолгон 50 миңден ашык кол тамга Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Талапкердин ыйгарым укуктуу ɵкүлү Жылдыз Сманбаеванын белгилөөсүндө, шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлик үчүн 30 миң кол топтоо жетиштүү.

«Жалпы болуп биздин активисттер Сооронбай Жээнбеков үчүн 100 миңден ашык кол топтошту. Бирок БШКнын өтүнүчү менен 50 миң кол тапшырдык. Муну менен комиссия мүчөлөрүнүн жумуштарын көбөйтпөйлү дедик. Алардын жумуштары ансыз да көп», — деди Жылдыз Сманбаева.

Белгилей кетсек, президенттик кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөндөн тартып, өлкөнүн бардык аймагында кол топтоо кампаниясы жүрдү. Кол топтоочу жайлар өлкөнүн бардык аймактарында ачылды.

Шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, кол топтоо талапкер көрсөтүлгөндөн тарта башталып, 2017-жылдын 26-августуна чейин уланат.

Views
367
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18