11:17, 10 августа 2017, 24.kg

Ошто троллейбус айдоочулары бүгүн жумушка чыккан жок

Ошто троллейбус айдоочулары бүгүн жумушка чыккан жок. Бул тууралуу шаардын тургуну Бахтияр Мамаджанов билдирди. Анын айтымында, шаардын көчөлөрүндө бир да троллейбус жок. Жүргүнчүлөр аялдамада топтолуп турушат. 

«Көптөн бери нараазычылык айтылып жүргөн», — деди ал.

Айдоочулардын айтымында, ар бир каттамдан мурда 180 сом тапшырышса, эми 280 сом беришүүдө. Андан сырткары, айлык акы дагы кеч берилет. Троллейбус айдоочулары жол акысын дагы көтөрүүнү суранышат.

Шаар жетекчилиги маселени чечүүнүн оригиналдуу жолун таап, автобустарга «Троллейбус»  деп жазып, жолго чыгарышты. 

Views
242
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18