13:48, 09 августа 2017, 24.kg

Төлөгөновдун соту. Дагы бир күбө тергөөгө берген көрсөтмөсүнөн баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө Айнагүл Жоробаева тергөөгө берген көрсөтмөсүнөн баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи май райондук сотундагы процессте билдирди.

Анын айтымында, буга чейин көрсөтмөлөрүн расмий эмес никеде жашаган Абдулла Юсуповдун буйругу менен берген.

«Азыр менин жашоом өзүнчө. Ооруп жүрөм. Калп айткым келбейт. Мурдакы көрсөтмөлөрүмдүн көбү эсимде жок. Бирок, Райкан Төлөгөновду көргөн эмесмин жана анын 2010-жылдагы талап -тоноочулукка катыштыгы боюнча маалыматым жок» — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин күбө Нурдин Султанмамытов дагы тергөө берген көрсөтмөсүнөн сотто баш тарткан. Анын айтымында, ал кыйноодон кийин жазылган текстке кол коюп берген.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талап-тооночулук иши боюнча айыпталууда. Анын уулу Муса Төлөгөнов дагы учурда камоодо. 

Views
153
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18