08:51, 09 августа 2017, 24.kg

Өзбекстан өлкөдөн чыгуу визасын жоюуга даяр

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөдөн чыгуу визасын жоюу, акырындык менен чет өлкө паспортун киргизүү боюнча долбоор даярдалды.
Бул тууралуу 7-августта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетекчилиги алдында өткөн мекеме аралык жыйында белгилүү болду.

Иш-чарага Президенттик аппарат, Башкы прокуратура, ИИМ, Персоналдаштыруу боюнча мамлекеттик борбор, Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Өзбекстан - эски совет аймагынын совет доорунан мураска калган “экзит виза” тартибин азыркыга чейин сактап келе жаткан жалгыз өлкө. Ал визаны Өзбекстандын жарандарына өлкөдөн кандай себеп болбосун тышка чыгууда алууга туура келет.

Бул иш узак убакытка созулган бюрократиялык эрежелер менен коштолуп, аны алууда өзбекстандыктар каржылык чыгымга да кириптер болушат.

Чыгуу визасын жоюу - өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин демилгелеринин бири.

Views
147
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18