08:48, 09 августа 2017, 24.kg

Тажик операторлору «Кыргызтелекомго» 1,3 млн доллар карыз

Тажикстандын  «Телеком Технолоджи» жана «Сатурн-Онлайн» операторлору интернет үчүн «Кыргызтелекомго» 1 млн 349 миң доллар карыз. Бул тууралуу компаниянын башчысы Нурлан Мадаминов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, «Сатурн-Онлайн» операторунун бересеси 662 миң долларды түзөт. Эл аралык арбитраждык сот карызды жабууну милдеттендирген, бирок тажик тарап өкүмдү аткарууга ашыга элек.

Буга байланыштуу «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому кыргыз өкмөтүнөн бул маселени тажик бийлиги менен талкуулоону суроодо.

 «Телеком Технолоджи» байланыш операторунун карызы 687 миң доллар. «Кыргызтелеком» бул компанияны эл аралык арбитраждык сотко берди.

«Кыргызтелеком» – өлкөнүн телекоммуникациялык тармагындагы ири компания, 450 миңден ашуун абоненти бар. Ачык акционердик коомдун 78% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, 12% Социалдык фондго, 10% жеке жактарга таандык.

Views
167
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18