17:44, 08 августа 2017, 24.kg

Максат Кунакуновду он жылга эркинен ажыраткан соттун чечими күчүндө калды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Максат Кунакуновду он жылга кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет. 

Маалыматка караганда, чечим 4-август күнү чыккан. 

Эскерте кетсек,  Максат Кунакунов 2015-жылы террорчулар менен байланыштыгы бар деген шек менен кармалып, камалган. Райондук сот он жылга кескен. 

Мурдакы депутат жана аны менен бул иш боюнча чогуу айыпталгандар коюлган күнөөнү мойнуна албай келет. 

Views
247
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18