14:39, 08 августа 2017, 24.kg

Билим берүү министри бир жылдан миллион сомдон ашык акча иштеп тапкан

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 2016-жылы миллион сомдон ашык киреше алды. Бул тууралуу анын декларациясында көрсөтүлдү.

Кирешени ал негизги жумуш ордунан тааптыр. Демек мамлекеттик кызматтан алган маянасы бир жыл ичинде бир миллион сомдон ашкан.

Аткаминерде 93 чарчы метрлик батири бар. Гүлмира Кудайбердиева чыгымдарын жана жакындарынын киреше-чыгашасын көрсөткөн эмес.

Гүлмира Кудайбердиева 2016-жылдын 11-ноябрында билим берүү министри болуп дайындалган.

Views
153
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18