Суйунбек ШАМШИЕВ
11:04, 08 августа 2017, 24.kg

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин сатуу факты боюнча текшерүү жүрөт

Айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агентиги Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин саткан факт боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине департаменттин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармакта аюу, сүлөөсүн жана ташкулактун териси сатылып жаткан сүрөт жарыяланган.

Кумар Мамбеталиевдин айтымында, облустук бөлүм сүрөттөгү терилердин ээсин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

«Эгер ал кишинин тийиштүү кагаздары болбосо, анда 5 жылга эркинен ажыратылышы жана айып пул төлөшү мүмкүн», — деди Кумар Мамбеталиев.

Photo 39420

Views
148
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18