10:27, 08 августа 2017, 24.kg

Нарында Караханиттердин мүрзөсү табылды

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында байыркы мүрзө табылды. Божомолдуу түрдө ал Караханиттерге таандык (804-1212). Бул тууралуу Daily Sabah жазып чыкты.

Аталган айылда Түрк археологдору менен «Манас» университети биргеликте изилдөө жүргүзгөн.

«Биз биринчи жолу Кыргызстанда мындай курулушту көрүп жатабыз. Негизинен бул аймакта мындан башка дагы мүрзөлөр бар болушу мүмкүн», — деп билдирди доктор Осман Эравшар.

Археологдор табылганын кайсы кылымга жана кимге таандык экендигин аныктоо үстүндө иш алып барышат. Андан сырткары, тарыхый жайды сактоо жана коргоо талап кылынат.

Views
366
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18