10:13, 08 августа 2017, 24.kg

Өмүрбек Текебаев Боршайкомго 40 миңге жакын кол топтоп тапшырды

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин атынан БШКга 40 миңге жакын кол тапшырылды.

Партиянын штабынын маалыматында, жалпысынан Текебаевдин шайлоодо колдогондордон 50 миңдей кол топтолгон. Иргөөдөн кийин 38 миң 642 кол калган. 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Биринчи май райондук сотунда сот Айбек Эрнис уулу анын жемкорлук боюнча ишин кароодо.

Партия лидери БШКга экинчи болуп алдыдагы шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн арызын берген. Өмүрбек Текебаев эми мамлекеттик тилден сынак тапшырса каттала алат. Бирок, БШК дагы эле талапкер Текебаевден кыргыз тилден сынак алуу маселесин чече элек. 

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18