09:50, 08 августа 2017, 24.kg

Айрым талапкерлердин шайлоо фонду 50 сомдон ашпайт

Президенттикке ат салышкандар шайлоо фондундагы акчаларды чыгымдоону улантууда. Бул тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жайгашкан.

Баарынан көп каражатты Өмүрбек Бабанов жумшоодо. Ал эсебиндеги 32 миллион сомдун 20,9 миллионун сарптады. Темир Сариевдин шайлоо фондуна 6,5 миллион сом түшсө, ал анын 5,6 миллионун чыгымдады. Сооронбай Жээнбеков 534 миң сом алып, калган 2,5 миллион сому сакталууда.

Айрым талапкерлердин шайлоо фондунда аз гана акча бар. Мисалы, Акбаралы Айтикеевдин эсебинде 50 сом, Советбек Абыкуловдукунда −45 миң сом, Аскарбек Абышевдикинде −1 миң сом, Замира Муратбекованыкында — 391 сом бар.

Views
269
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18