08:53, 08 августа 2017, 24.kg

Тажик аскерлери Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларында машыгуу өткөрөт

Тажикстандын Коргоо министрлигинин Согди гарнизону ушул айдын экинчи жарымында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында ири аскер машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализода билдирди.

Анын айтымында, машыгуу аймактагы коргонуу иштерин уюштуруу, улуттук армиянын камдыктагы аскерлеринин адискөйлүгүн жогорулатуу жана террордук топторду жок кылуу боюнча Согди гарнизону менен башка күч түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу максатын көздөйт.

Машыгууга катыша турган аскерлердин саны белгисиз. Кечээ Шахристан районунун жашоочулары өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө аскер кызматкерлери менен техникалар жеткирилгенин кабарлашты.

Views
136
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18