08:49, 08 августа 2017, 24.kg

Казакстан Батыштын Россияга каршы санкцияларынан кооптонот

Батыштын Россияга каршы санкциялары Казакстандын экономикасына дагы кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу  президент Нурсултан Назарбаев премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушууда билдиргендигин centralasian порталы маалымдайт. 

Жолугушуу учурунда ал өкмөттү жигердүү иштөөгө чакырды.

«Өкмөт кызуу иштеп жатат деп эсептейм. Мен жылды жакшы натыйжалар менен аяктоо үчүн баарыңарды уюшкандык менен иштөөгө чакырам. Тобокелчиликтер бар. Энергия жана чийки затка болгон баалар өзгөрүүдө. Балким, Батыштын Орусияга каршы санкциялары таасир этиши ыктымал. Ошону эске алуу керек» - деди Назарбаев.

Россияга каршы санкциялардын экинчи топтомуна АКШ президенти Дональд Трамп 2-августта кол койгон. Ошол эле күнү Казакстанда доллардын наркы жогорулаган.

Views
204
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18