10:33, 07 августа 2017, 24.kg

«Кумтɵр» компаниясы айлана чɵйрɵнү коргоо боюнча отчетун жарыялады

«Кумтɵр Голд Компани» ишканасы курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, отчеттун форматы Глобалдык отчеттуулук демилгесинин, Тоо-кен өндүрүшү менен металлургиялык сектордо отчетуулкка кошумчанын талаптарына жооп берет. Ишкана бул баяндама менен мамлекеттик бийлик органдарын, ɵкмɵттүк эмес секторду жана кеӊири коомчулукту кен ишканадагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүктүн абалы жана курчап турган чɵйрɵнү коргоодогу аткарылган иш чаралар жɵнүндɵ маалымдоону көздөйт.

Отчет Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга таратылат.
«Кумтɵр Голд Компанинин» 2016-жыл үчүн курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ жылдык отчету бардык кызыккандарга орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.

Views
170
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18