Анастасия БЕНГАРД
09:40, 07 августа 2017, 24.kg

Финансы министринде үйү да, унаасы да жок

Финансы министри Адылбек Касымалиевде үйү да, унаасы жок. Бул боюнча анын 2016-жылга карата толтурулган декларациясында айтылат.

Министрдин бир жылдык маянасы 998 миң сомду түзгөн. Адылбек Касымалиев чыгашаларын көрсөткөн эмес.

Анткен менен министрдин жакындары ишкерлик менен алектенип, 1,16 миллион сом киреше табышкан. Алардын 216,7 чарчы метрлик жери гана эмес, эки жер тилкеси, 2008-жылкы «Тойота Прадо» жана 2006-жылкы «Дайхатсу Териос» автомобили, чачтарачы жана кафеси бар.

Эскерте кетсек, мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырат. Үй-мүлкүн жана тапкан акчасын жашырган аткаминерлерге мыйзам жоопкерчилиги каралган.

Views
351
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18