Анастасия МОКРЕНКО
10:39, 04 августа 2017, 24.kg

Ысык-Көлдө былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы көбөйдү

Ысык-Көлдө былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы көп катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлайт. 

Маалыматта, акыркы эки айда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14кө,  111 жол кырсыгы болгондугу айтылат. 

Жол кырсыгынан эки айда 22 киши мерт болгон. Анын төртөө жаш балдар. 175 киши ар кандай жаракат алган.

ИИБнын билдирүүсүндө, жол кырсыгынын 60 пайызына башка аймактардан келген айдоочулар күнөөлү болот. Көбүнчө жол эрежелерин, анын ичинде бекитилген ылдамдыкты сактабагандык жана түнү жолго чыккан эс алуучулардын рулда уктап кеткендиги себеп болот. 

 

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18