16:48, 03 августа 2017, 24.kg

Төлөгөновдун соту. Мародерлер тоногон буюмдарын туугандары аркылуу саткан

2010-жылы 7-апрель түнү мародерлук менен алектенгендер тоногон буюмдарын туугандары аркылуу саткан. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдакы депутат Райкан Төлөгөновго каршы козголгон кылмыш ишин териштирүү учурунда күбө Гүлзада Абдыкадырова билдирди.

Анын айтымында, алар идиш жуучу машинканы Дастан Оморовдун туугандарынан сатып алган.

Белгилей кетсек, Дастан Оморов 2010-жылдагы талап-тоноо иши боюнча соттолгон. Ал - бул иш боюнча соттолгон Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиевдин шериги. 

«Дастан Оморов биздин кудалардан болот. Туугандары аркылуу сатып алганбыз. Кийин телевизордон мародерлук боюнча буюмдарды кайтарыш керектигин угуп, идиш жуучу машинканын документти жана көрсөтмө кагаздары жок болгондуктан күмөнүбүз болгондуктан алып барып өткөрүп бердик» - деди Гүлзада Абдыкадырова.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөновго Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнүн негизинде мародерлук фактысы боюнча иш козголгон. 

Views
216
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18