Юлия КОСТЕНКО
12:19, 03 августа 2017, 24.kg

Кумарпоздор Бишкекте жашыруун иштеген оюн-зоок жайларынын дарегин айтып беришти

Кумарпоздор Бишкекте жашыруун иштеген оюн-зоок жайларынын дарегин айтып беришти. Бүгүнкү маалымат жыйында Рамзан аттуу кумар оюндарына берилип кеткен жаран көпчүлүк кумарпоздор тамак-аш гана эмес, үй-жай жана уйкудан да баш тартып, казинолордон чыкпай ойнорун айтты. Рамзандын айтымында, ал тааныган кумарпоздордун бир тобу түрмөгө түшүп, бир канчасы өзүн-өзү өлтүрүүгө барган.

«Азыр «Астра» клубу электрондук казино катары иштейт. Анын ээси Сан. 2008-жылдан бери казино иштетет. Ал жерде 10 сомдон 45 миң сомго чейин койсо болот», – деди ал.

Андан сырткары, Чүй проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнө жакын жеринде дагы эки жай иштейт.

«Ал жерде долларга ойношот. Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир көмүскө клуб бар. Бирок, ал жерге жөн эле кире албасың. Досторуң болсо гана киргизиши мүмкүн», – дейт Рамзан. 

Views
190
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18