Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
17:48, 02 августа 2017, 24.kg

«Элдик парламенттин» мүчөлөрү 5 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылды

«Элдик парламенттин» мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Толубай Колубаев, Тойгонбек Калматов жана Александр Гусевге бүгүн сот өкүмү чыкты. Соттун билдирүүсүндө, териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучулардын күнөөсү далилденди.

Бекболот Талгарбеков жана Толубай Колубаев 14 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөйт. Ал эми Марат Султанов 10 жылга, Тойгонбек Калматов 5 жылга шарттуу, Александр Гусев 6 жылга шарттуу түрдө кесилди.

Эскерте кетсек, аталган жарандарга каршы УКМК 2016-жылы кылмыш ишин козгогон. Алар Кылмыш кодексинин 27 берененин 295 бөлүгү — «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана 341 бөлүгү — «Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык» айыбы тагылган.

Views
220
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18