08:49, 02 августа 2017, 24.kg

Москва облустук сотундагы атышууда өлгөндөр жана жаракат алгандар бар

Москва облустук сотундагы атышуу учурунда соттолуп жаткан тогуз кишинин үчөө жок кылынды. Дагы экөө жарадар. Андан тышкары сот аткаруучу жана күзөтчү жараланып, кеңседеги адамдар сыртка чыгарылган. Бул тууралуу Орусия ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта караганда, окуя "Банда ГТА" деп аталган топтун иши боюнча сот өтүп жатканда болгон. "Интерфакс" агентигинин билдирүүсүндө, айыпталуучуларды алып бара жаткан күзөтчүлөргө кол салынган.

2012-2014-жылдары Орусиядагы Дон федералдык трассасында 17 адам өлтүрүлүп, экөө жарадар болушкан. Кылмыш ГТА аттуу компьютердик оюндун тапшырмасына окшош болгондуктан медиада "Банда ГТА" деп аталып кеткен.

Соттолуп жаткандар диний радикал топко тиешеси бар борборазиялыктар делет.

Views
293
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18