Анастасия БЕНГАРД
12:00, 01 августа 2017, 24.kg

Окмуштуулар Ботаникалык бакта лабораториянын курулушуна каршы

Окмуштуулар Бишкектеги Ботаникалык бакта фитосанитардык жана ветеринарлык лабораториянын курулушуна каршы чыгышууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айтылды.

Эскерте кетсек, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өкмөттөн бактын 4 гектар жерин бөлүп берүүнү өтүнгөн. Ал жерге Кытай бөлгөн грантка лаборатория куруу пландалууда.

Биология илимдеринин доктору, Ботаникалык бактын директору Медет Ахматовдун айтымында, бак бир нече мыйзамдар менен корголот. Ал улуттук балуулуктардын катарында жана мамлекеттик коргоого алынган.

«Бак шаардын өйдө жагында жайгашып, суунун агымынан коргоо милдетин аткарат. Эгер лаборатория курулса анда ал селди тосо албайт. Андан сырткары, бак жер титирөө коркунучу бар жерде» — деди Медет Ахматов.

Views
167
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18