Юлия КОСТЕНКО
16:00, 31 июля 2017, 24.kg

Чыныбай Турсунбеков: Мени Алмазбек Атамбаев саясатка алып келген

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун пикиринде аны партиядан чыгарууга негиз жок. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Ал КСДПнын принциптеринен чыкпай келе жатканын белгилеп өттү.

«2010-жылы Алмазбек Атамбаев мага министрлик кызматты сунуштаганда мен баш тарттым. Андан кийин депутаттыкка чакырышты. Ага да макул болгон жокмун. Ошондо Алмазбек Атамбаев бир сөз менен мени көндүргөн. Ал мындай кыйын кезде четте карап туруу жигитчилдикке жатпастыгын айткан. КСДПнын курамына кирип, көп эмгек кылдым. Эгер президенттикке ат салышсам, партияда ыдырап, өзүмдү күнөөлү сезмекмин», — деди Чыныбай Турсунбеков.

Views
190
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18