17:35, 27 июля 2017, 24.kg

Райкан Төлөгөновдун сотунда негизги күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун сотунда негизги күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Дастан Оморов жана Азамат Шергазиев бүгүн Биринчи май райондук сотунда көрсөтмө берүүгө даяр эместигин, алар өздөрүнүн иши каралып жаткан эртеңки сотко даярданып жатышканын билдиришти.

Сот аларды башка күнү чакыруу чечимин кабыл алды. 

Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир күбө Абдулла Юсупов Дастан Оморов жана Азамат Шергазиев менен бирге 2010-жылдын 7-апрелинде мурдакы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык үй-мүлктү тоношконун айтты. Ал Райкан Төлөгөнов жана башка депутаттардын жетекчилигинде бул ишке баргандыгын маалымдады.

Абдулла Юсупов биринчи жолу «Ата-Мекен» партиясынын депутаттарына каршы 2012-жылы көрсөтмө берген. 2013-жылы депутаттык комиссия түзүлүп, алар иликтеген ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Башкы прокуратура иш козгоодон баш тарткан. 2017-жылы партия мүчөлөрүнө каршы иш кайра жанданып, анын алкагында Райкан Төлөгөнов гана камакка алынды. 

Views
219
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18