13:15, 27 июля 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбековго кол топтоо жүрүп жатат

Республиканын баардык аймактарында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогондордун колу топтолууда.

Photo 38478

Кыргызстан социал-демократтар партиясы көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбековго кол топтоо жайлары Бишкекте «Космопарк» борборунун, «Ала-Тоо» кинотеатрынын жана «Берекет гранд» соода комплексинин алдында орнотулду. Андан сырткары, өлкөнүн баардык аймактарында дагы бар.

Демилгечинин топтун айтымында, кол топтоо жайлары ачылышы менен талапкерди колдогон жарандар өздөрү келип, кол коюп кетип жатышат.

Photo 38475

Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөткөн өлкө жарандары президент катары Кыргызстандын келечегине кенен көз-караш менен караган, коомдо туруктуулукту сактап, социалдык-экономикалык өсүүнү камсыз кыла ала турган тажырбайлуу лидерди көргүсү келерин айтып жатышканы маалымдалат.

Шайлоо кодексине ылайык кол топтоо талапкерлиги көрсөтүлгөндөн баштап 26-августка чейин жүргүзүлөт. Ал арада 30 миңден кем эмес кол топтолушу керек. Тизмени Боршайкомко тапшырышат.

Views
322
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18