17:32, 26 июля 2017, 24.kg

«РусГидро» Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө жооп берди

«РусГидро» ишканасы Алмазбек Атамбаевдин сынына жооп берип, өлкө жетекчилигинин сөзүн четке какты. Бул тууралуу ишкана атайын билдирүү таркатты.

Анда «РусГидро» эч качан келишимди бузуу сунушун көтөрбөгөндүгү айтылат.

«Андыктан биздин кыргызстандык өнөктөштөрдүн «РусГидро» өз милдеттерин аткарбагандыгы тууралуу билдирүүсү калп» — дейт компания.

«РусГидро» келишимди Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарганын маалымдайт.

«Биз долбоорго жумшаган каражаттар толугу менен кайтарылышы керек. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч бир жыйынтык чыккан жок. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акчаны кайтаруунун жолдорун талкулоого даярбыз» — дейт ишкана.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан «РусГидро"ишканасына Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоорундагы үлүшү үчүн 37 миллион доллар карыз экендигин билдирген.

 
Views
346
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18