16:40, 26 июля 2017, 24.kg

«Лигласс» ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон "Лигласс Трейдинг" ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган. Бул тууралуу Чехиянын мамлекет башчысы Милош Земан 24-июлда чех радиосуна курган маегинде айткандыгын centralasian порталы маалымдайт.

Земан «Лигласс» трейдинг компаниясын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Астанадагы эксподо жолугушууда сунуш кылган. Милош Земандын сөзү боюнча, ал андай жолугушууда чех фирмаларын жарнамалоого аракеттенет. Президент фирма тууралуу кенен билбестигин жана аны Өнөр жай жана соода министрлиги сунуштаганын билдирди. 

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган.

Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

 

Views
538
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18