Татьяна КУДРЯВЦЕВА
16:15, 26 июля 2017, 24.kg

Казакстанда жол кырсыгында кыргызстандык набыт болду

Казакстанда жол кырсыгында кыргызстандык набыт болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Самара-Шымкент жолунда ВАЗ-2107 жана жүк ташуучу унаа сүзүшүп кеткен. Жеңил унаада төрт адам болгон. Алардын үчөө кыргызстандыктар жана бирөөсү Россиянын жараны. ВАЗ-2107нин айдоочусу мерт кетти. Жүргүнчүлөр оорууканага жеткирилди.

Маалыматта, жеңил уунанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бетмаңдай келе жаткан унаалардын алдынан чыккандыгыг айтылат. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

Views
168
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18