15:47, 26 июля 2017, 24.kg

Президенттикке жарышкандар кыргыз тилинен сынак тапшырып баштады

Президенттикке жарышкандар кыргыз тилинен сынак тапшырып баштады. Тизме Боршайкомго түшкөн арыздын кезеги боюнча түзүлгөн. Андыктан алгач «Лига-антикризис» борборунун жетекчиси Назаркул Нышанов тапшырды. Андан кийин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тест бермек, бирок дагы эле аны УКМКнын абагынан алып келүү маселеси чечилген жок.

«Акшумкар» партиясынын лидери Темир Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова, анын тесттен 81,8 балл алгандыгын жарыялады.

Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык президент кыргыз тилин билиши шар. Буга чейинки шайлоолордо мамлекеттик тилден сынакты атайын комиссия алган. Сынактын жүрүшү түз эфирде көрсөтүлгөн. Бул жолу БШК талапкерлердин мамлекеттик тил билүүсүн «Кыргызтест» аркылуу аныктоо чечимин кабыл алды.

Кыргыз тилинен тест төрт бөлүктөн турат. Лексико-грамматикалык бөлүгүнө 50 мүнөт, аудио, окуу жана оозеки кебине 20–25 мүнөт берилет.

60 баллдан өйдө жана «ортодон жогору» баа алгандар өтөт.

Views
196
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18