Татьяна КУДРЯВЦЕВА
09:26, 25 июля 2017, 24.kg

Улуттук банк бир ай ичинде төртүнчү жолу рыноктогу долларды сатып алып жатат

Улуттук банк бир ай ичинде төртүнчү жолу рыноктогу долларды сатып алып жатат.

Өткөн жумада Улуттук банк эки жолу интенвенция менен чыгып, валюта сатып алган. Апта башында ал 13 миллион 950 миң долларго ээ болгон. 21-июлда кайра эле финансы рыногуна кийлигишип, 2,6 миллион доллар алды. Ошентип, бир жума ичинде рыноктоуг 18, 3 миллион долларды топтоду.

Бирок, бул чаралар доллардын наркынын арзандашын токтото алган жок. АКШ валютасы сомго карата акырындык менен «күчүн» жоготууда. Бүгүн коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлары 68,2–68, 3 сомдон сатып алып, 68,5–68,7 сомдон сатууда. Бир ай ичинде 1 сомго арзандады.

Views
185
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18