Татьяна КУДРЯВЦЕВА
16:19, 24 июля 2017, 24.kg

Максим Бакиевди жазалоо айласы табылды

«Биз Максим Бакиевди жазалоо айласын таптык. Ал эми Англияда дагы сот өкүмүнөн кутулуп кете албайт», -деп бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөн маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Өлкө башчысы мамлекеттик сырга таянып, тапкан амалын ачыктаган жок.

«Бул мен үчүн эң бир маанилүү суроолордун бири. Ал бизден канчалаган акча уурдап кетсе дагы биз аны далилдей албай жатабыз. Бирок, чынын айтып коюш керек, ичтен каршылык көрсөтүү дагы болду. Бул жолу Максим кутулуп кете албайт», — деп президент убада берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Максим Бакиевдин жактоочулары Кыргызстан аны негизсиз айыптаганы үчүн акча төлөп бериши керектигин билдиришкен. Кыргыз өкмөтү Бакиевдин уулуна каршы сотто утулуп калган. Учурда Максим Бакиев менен «Оксус» компаниясынын жетекчиси Шон Дейли соттошууда. Шон Дейли ага Кыргызстанда болгон кол салууну Максим Бакиев уюштурган деп эсептейт. Кол салуудан кийин «Оксус» компаниясы Таластагы «Жерүй» алтын кениндеги лизенциясын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Views
229
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18