11:42, 24 июля 2017, 24.kg

Атамбаев: Шавкат Мирзиеевдин тушунда кыргыз-өзбек ынтымагы бекемделип жатат

«Шавкат Мирзиеевдин тушунда кыргыз-өзбек ынтымагы бекемделип жатат» -деп Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын мурдакы президенти Ислам Каримовдун кезинде коңшу мамлекетке иш сапар менен барган эмес. Аймактык уюмдардагы жолугушууларында эки өлкө президенттеринин кайым айтышкан учуру дагы кездешкен.

2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы этникалык кагылышуудан кийин 2016-жылдын декабрь айында Кыргызстандын башчысы Өзбекстанга иш сапар менен барган.

Эскерте кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы резиденция өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жайкы маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Президент адатта эки жолу журналисттер, талдоочулар менен жолугуп суроолоруна кенен жооп берет. Атамбаевдин мөөнөтү 1-декабрда аяктайт.

Маалымат жыйында президент бийликти тынч жолдо өткөрүп берерин, аны менен өлкөдө жаңы саясый адатты баштарын айтты.

Views
177
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18